Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн кошмо жыйыны

2019-жылдын 21-январь күнү Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн кошмо жыйыны болуп өттү. Жыйынга Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары, социалдык тармактын башкы адиси, бөлүмгө караштуу 67 мектептин директорлору, 48 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин башчылары, жеке менчик бала бакча башчылары, Лейлек районунун прокурору, орун басары,  ИИБ начальниги, Исфана шаарынын мэри  катышышты.

Иш чаранын башталышында Лейлек районунун прокурору, орун басары,  ИИБ начальниги, Исфана шаарынын мэри  2019-жылга карата кабыл алынган мыйзамдар, мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр, бузуулар кодекси, пробация, амнистия, өспүрүм балдар менен иштөө, тартип бузууларга карата айып пулдардын өлчөмү, тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Андан соң, күн тартибиндеги маселелер каралып, билим берүү бөлүмүнүн 2019-жылга карата иш планы бекитилип, комиссия курамы түзүлдү.

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы Бердиев Авазбек Турабаевич 10-11-январь айында өткөрүлгөн кышкы секциялык иштерде мугалимдер тарабынан түшкөн сунуштарды карап чыгып өз оюн айтты.

2018-жылда аткарылган иштер боюнча анализ жасалып, жыйынтыктар чыгарылды. 

 

Материалды даярдаган Марина Сагалиева