Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн Коллегиялык кеңешмеси

2019-жылдын 24-апрель күнү Исфана шаарындагы Исфана орто мектебинде Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүү мекемелеринин коллегиялык кеңешмеси болуп өттү.

Иш чарага  райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери, билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Лейлек райондук комитетинин төрагасы Бердиев Авазбек Турабаевич жана  67 мектептин директорлору катышышты.

Күн тартибинде “Көп тилдүү билим берүү” программаларын аппробациялоо долбоорун  ишке киргизүү жөнүндө иш аракеттердин аткарылышы боюнча маалымат берүү, окуучулардын арасындагы кылмыштуулукту, суицидди алдын алуу жана жолдо жүрүү эрежелери  жөнүндө маселелери каралып, райондун ИИБнүн жол коопсуздугу боюнча кызматкери жол кырсыктарын алдын алууда биргелешкен иш чаралардын жүргүзүлүшү зарыл экендигин айтып,  учурда аткарылып жаткан иштер тууралуу талкуу жүрдү.

Ошондой эле, билим берүү мекемелеринин кызматкерлерин сыйлоого көрсөтүүгө керектелүүчү материалдарды тариздөө жана даярдоо боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, кадрлар бөлүмүнүн башчысы Джураева Гүлназ Жееналиевна кеңири маалымат берип, керектүү иш кагаздардын үлгүлөрү менен тааныштырды. 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева