Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин коллегиялык кеңешмеси

2020-жылдын 17-январь күнү Исфана шаарындагы Ю.А.Гагарин атындагы орто мектебининде Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин коллегиялык кеңешмеси өткөрүлдү. Коллегияга бөлүмдүн аппаратынын кызматкерлери, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитетинин төрагасы,  жалпы бала бакчалардын башчылары  катышып, иш чаранын жүрүшүндө күн тартибиндеги маселелер каралып, 2020-жылга карата Кыргыз Республикасынын Президентинин “2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыялоо жөнүндөгү 2020-жылдын 8-январындагы Жарлыгын ишке ашыруу максатында түзүлгөн иш план тааныштырылып, талкууланып, бекитилди. 

Ошондой  эле, бала бакчаларга берилүүчү тамак акынын 50% жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүшү боюнча КРнын Президентинин Жарлыгын аткарууга алуу, КРнын мамлекеттик жана саясий ишмери И.Раззаковдун 110 жылдыгын жана Кыргыз Эл баатыры Самат Садыковдун 100 жылдыгын уюштуруп, өткөрүү боюнча иш чаралар жана Мамэкотехинспекциянын Баткен областтык башкармалыгынын эскертмесине ылайык өрт коопсуздугун алдын алуу  жөнүндө маселелер каралып, билим жана илим кызматкелеринин профсоюзунун райондук комитетинин төрагасы Бердиев Авазбек Турабаевич тарабынан сапар чыгымдарын төлөп берүү боюнча кеңири маалымат берилди. 

 

Материалды даярдаган:

Марина Сагалиева