Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыл-Кыяда окуу-семинар өткөрүлдү

2022-жылдын 19-майында Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин иш планына ылайык Кызыл-Кыя шаардык комитети тарабынан "Эмгек укугунун ченемдерин камтыган эмгек мыйзамдарынын жана башка ченемдик-укуктук актыларынын сакталышы жана иш кагаздары менен иштөө" деген темада окуу семинары өткөрүлдү.

Семинарга Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен областтык комитетинин төрагасы Бөтөков Завиридин, Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын вице мэри Айтматов Мирлан, Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Матосмонова Дамира, райондук,шаардык комитеттеринин төрагалары  жана баштапкы профсоюз уюмдарынын төрагалары жалпы 60 адам катышууда. Семинар алгач жагымдуу маанай тартуулоо менен башталып андан ары санарип технологияларды, интерактивдүү усулдарды колдонуу аркылуу жекече, топтордо иштөө менен жемиштүү өттү.

 

Маалыматты даярдаган: областтык КБКнын уюштуруу боюнча адиси Гапарали уулу Мансур