Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыл-Кыя шаарында “Жыл мугалими - 2019” кароо - сынагы болуп өттү

2019-жылдын 25-мартынан 10-апрелге чейин Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мектептердин мугалимдери арасында “Жыл мугалими-2019” кароо-сынагы болуп өттү.

Кароо-сынак предметтик жана педагогика-психология боюнча тестирлөөдөн, мугалимдин педагогикалык лабораториясы саналган портфолио, маалымат-каражат технологиялары менен иштөө, иш-кагаздарын жүргүзүү, предмети боюнча ачык сабак, чыгармачылык менен ишмердүүлүгүн презентациялоо жана мугалимдин кызыгуусу деп аталган 7 этаптан турду. Сынакка жалпы 12 мугалим катышты. Кароо-сынакты баалоо үчүн билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлеринен, билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитетинин төрайымы жана жалпы билим берүүчү мектептерге көз карандысыз шаардагы жогорку жана атайын окуу жайлардын мугалимдеринен турган комиссия мүчөлөрү бекитилди.

Кароо-сынак өткөрүүнүн негизги максаты: чыгармачылык менен эмгектенген  мугалимдерди колдоо, аларга дем-шык берүү, тажрыйбасын башка мугалимдерге жайылтуу жана аз да болмо материалдык колдоо көрсөтүү болуп саналды.

Кароо-сынактын Жобосу мектептерге алдын ала таркатылып, Жобонун негизинде өткөрүлдү. Кароо-сынактын жыйынтыгында бардык көрсөткүчтөр боюнча эң мыкты натыйжаларды көрсөткөн төмөндөгү мугалимдер ээ болушту:

  1. 1-орун- №1 Д.М.Карбышев атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Раева Элмира Аттокуровна,
  2. 2-орун- №9 У.Гулматов атындагы орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Шакирова Рахам Мамасалыевна,
  3. 3-орун- №11 М.Куренкеев атындагы орто мектебинин тарых мугалими Саланова Бүкатчалар ээ болушуп, шаардык мэриянын баалуу белектерине ээ болушту.

Ал эми калган катышуучуларга да “Ажарлуу мугалим”, “Мыкты сабак”, “Чыгармачыл мугалим”, “Келечегинен көптү үмүттөндүргөн мугалим”, “Көрүүчүлөрдүн купулу” наамдары  ыйгарылып, билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитетинин баалуу белектерине жана сертификаттарына ээ болушту.

 

Материалды даярдаган:

Жыпаргул Душобаева