Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыл-Кыя шаарында мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди

2018-жылдын 4-октябрь күнү Кызыл-Кыя шаардык маданият үйүндө мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди. Майрамга Кызыл-Кыя шаарынын билим берүү мекемелеринин жетекчилери, мугалимдери чакырылды. Майрамдык кечени шаардык мэрия уюштуруп, ал  концерттик программа менен коштолду.

Кечени ачып берүү үчун шаардын мэри Э.А.Топчубаев сахнага чакырылып, ал мугалимдерди кесиптик майрамдары менен куттуктап, иштерине ийгиликтерди каалоо менен, эмгектин алдынкы кызматкерлерин шаардык мэриянын “Ардак грамоталары” менен сыйлады. Андан кийинки сөзгө шаардык кеңештин төрайымы чакырылып, ал да өз кезегинде мугалимдерди куттуктоо менен кошо, шаардык кеңештин грамоталары менен сыйлады.  Билим берүү кызматкерлеринин шаардык комитети тарабынан кесиптик кошундун “Ардак грамоталары”,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областтык ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, Кызыл-Кыя шаардык ардагерлер кеңешинин, Кыргызстан аялдар конгрессинин сыйлыктары да тапшырылды.

Жагымдуу концерттик программа мугалимдерге жакшы маанай тартуулап, ушундай кечени уюштурган уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.