Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыл-Кыя шаарында бүгүн салтка айланган мугалимдердин август кеңешмеси онлайн форматта, ZOOM тиркемеси аркылуу өткөрүлдү.

Кызыл-Кыя шаарында бүгүн салтка айланган мугалимдердин

август кеңешмеси онлайн форматта, ZOOM тиркемеси аркылуу өткөрүлдү.

Август кеңешмесине билим берүү бөлүмүнө караштуу билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, ата-энелери, шаар мэри Э.А.Топчубаев, вице-мэр А.Ж.Маткалыков жана билим берүү мекемелери менен тыгыз байланышта эмгектенген мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Август кеңешмеси “Санариптик билим берүү- өлкөнү өнүктүрүүнүн жаңы баскычы” деген ураан астында өттү.

Кеңешме Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталып, андан соң кеңешме катышуучуларын шаар мэри Э.А.Топчубаев жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап кетти.

Кеңешмеде 2 маселе күн тартибине киргизилип, 1-маселе боюнча билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Д.Матосмонова жыл ичиндеги аткарылган иштер боюнча катышуучуларга доклад жасады. Андан кийин №10 А.П.Гайдар атындагы орто мектебинин директору Э.Ш.Толубаева “Аралыктан окутуу шартында пайда болгон көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору”, деген темада доклад жасады. Кийнки сөзгө №1 Д.М.Карбышев атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Р.Марасулова чыгып, “Аралыктан окутуу учурунда ата-энелер менен байланышуу жолдор” деген темада доклад жасады.

Кеңешмеде аралыктан окутуу учурунда балдар бакчалары кантип иштегендиги тууралуу тажрыйба алмашуу максатында №6 “Алтын балалык” балдар бакчасынын башчысы Э.М.Джураевага сөз берилип, ал өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

Кийинки сөзгө аралыктан окутуу жана жайкы эс алуу учурунда балдарды зордук-зомбулуктан коргоо, аларга моралдык-психологиялык колдоо көрсөтүү, ошондой эле ата-энелерге үй-бүлөдө жагымдуу чөйрө түзүү боюнча тажрыйба бөлүшүү максатында №2 Кыфргызстандын 50 жылдыгы атындагы орто мектебинин социалдык педагогу Н.Ж.Буванова сүйлөп, өз тажрыйбасы менен бөлүштү.

Кеңешменин күн тартибиндеги 2-маселе боюнча жыл ичиндеги иштерди жыйынтыктоо, жыл мыктыларын сыйлоо жана сыйлыктарды тапшыруу кезеги келип, жалпы билим берүүчү мектептер боюнча:

1-орун №2 Кыргызстандын 50 жылдыгы;

2-орун №1 Д.М.Карбышев;

3-орун №4 А.С.Пушкин жана 4-орун №10 А.П.Гайдар атындагы орто мектептерине ыйгарылды.

Ал эми бала бакчалар боюнча:

1-орун №6 “Алтын балалык”, 2-орун №22 “Чабалекей”, 3-орун №4 “Ландыш”, 4-орун №3 “Ак-Тилек” балдар бакчасына ыйгарылды.

Кеңешме соңунда катышуучулардын ой-пикирлерин эске алуу менен резолюция кабыл алынды.