Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыл-Кыя шаарында бала бакчалардын тарбиялануучуларынын ата-энелери үчүн сынак болуп өттү

Сынак Сони корпорациясынын негиздөөчүсү Масару Ибуканын “Үч жаштан кийин кеч” аттуу китебинин негизинде өткөрүлдү. Сынакта “Р.Отунбаеванын демилгеси” эл аралык фонду демөөрчүлүк милдетин аткарды. Сынак Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри А.Ж.Маткалыков жетектеген балдар иштери боюнча комиссиясы жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитети менен биргеликте өткөрүлдү.

Сынакты өткөрүүнүн негизги максаты: мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин педагогикалык кызматкерлеринин ишин жеңилдетүү үчүн тарбиялоо усулдарын үйрөтүү аркылуу тарбия берүү жараянына ата-энелерди да тартуу болуп эсептелди.

Сынак тест түрүндө болуп, бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин каалоочу ата-энелери катышты. Жалпы болуп сынакка 255 ата-эне катышты. Сынак шаардагы №8 А.Навои атындагы орто мектебинин базасында өткөрүлдү.

Сынак 55 суроодон туруп, тестирлөөгө жалпы 60 минута убакыт берилди. Комиссия мүчөлөрү тесттик тапшырмаларды текшерип, жыйынтыгында:

 1-орун- №6 “Алтын балалык” балдар бакчасынын ата-энесине,

2-орун- №18 “Дюймовочка” балдар бакчасынын ата-энесине,

3-орун- №3  “Ак-Тилек” балдар бакчасынын ата-энесине,

4-орун - №22 “Чабалекей” балдар бакчасынын ата-энесине,

5-орун- №1 “Айданек” балдар бакчасынын ата-энесине,

6-орун- №2 “Келекчек” балдар бакчасынын ата-энесине,

7-орун №4 “Ландыш” балдар бакчасынын ата-энесине ыйгарылды.

Мындан тышкары демөөчүлөр тарабынан бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин башчыларына балдар үчүн оюнчуктар жана китептер топтому белекке берилди.

 

Материалды даярдаган 

Марикехан Буванова