Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыл-Кыя шаардык жалпы билим берүүчү мектептеринде окуучулар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу багытында жолугушуулар өткөрүүдө

Кызыл-Кыя шаарынын социалдык тармакты жетектеген вице-мэри А.Ж.Маткалыковдун демилгеси менен 2018-жылдын 21-декабрынан баштап шаар аймагында жайгашкан мектеп окуучулары менен кылмыштуулуктун алдын алуу багытында жолугушуулар болуп жатат.

Жолугушууга вице-мэр А.Ж.Маткалыков, билим берүү бөлүмүнүн башкы адиси Ж.М.Душобаева, жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы А.Ж.Абдулкасымов, өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнун адиси М.Ибрагимовдун жана жашы жете электер менен иштөө инспектору Абдимиталип уулу Мусанын катышуусунда мектептердин 5-11-класстарынын окуучулары жана класс жетекчилери менен жолугушуулар өтүп жатат. Бул жолугушууларда окуучулар арасында рэкетчилик, укук бузуу, кылмыштуулук жана алардын кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Жолугушуу аягында мектеп окуучулары менен суроо-жооптор талкууланып, мектеп окуучуларына жана мугалимдерге окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча кеңири маалыматтар берилүүдө.

 

 

Материалды даярдаган Жыпаргул Душобаева