Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыл-Кыя шаардык жалпы билим берүүчү мектептеринде кезектеги январь секциялык иштери болуп өттү

2019-жылдын 9-январь күнү шаардагы №1 Д.М.Карбышев атындагы орто мектебинин базасында Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мектептердин предметтик мугалимдери үчүн кезектеги январь секциялык иштери болуп өттү. Секциялык ишке 12 предмет жана тарбиялык иштер боюнча директорлордун орун басарлары, окуу бөлүмдөрүнүн башчылары, социалдык педагогдор, директорлор үчүн болуп өттү.

Январь секциялык ишинде 2018-2019-окуу жылынын 1-жарым жылдыгындагы аткарган иштери, шаардык предметтик олимпиаданын жыйынтыктары жана 2-жарым жылдыкка милдеттер коюлду.

Ар бир предмет боюнча шаардык усулдук бирикме жетекчилери предметтик мугалимдерге келерки август секциялык ишине тапшырмаларды бөлүштүрүп беришти.

Январь секциялык ишинде мугалимдерди куттуктоо, дем берүү үчүн шаардын вице-мэри Маткалыков А.Ж. келип, мугалимдерге ишине ийгилик каалоо менен, ар дайым мугалимдерди ар тараптан колдоо үчүн иш алып бараарын кошумчалады.

Предметтер боюнча секциялык иштерди уюштуруу мугалимдердин усулдук чеберчилигин өстүрүү, бири-бири менен тажрыйба алмашуу иштерин жайылтууга жакшы өбөлгө болмокчу.

 

Материалды даярдган Жыпаргул Душобаева