Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыл-Кыя шаардык билим беруу болумуно караштуу жалпы билим беруучу мектептерде ысык тамактын уюштурулушу

Кызыл-Кыя шаардык билим беруу болумуно караштуу №1 Д.М.Карбышев атындагы орто мектебинин мектеп ашканасы быйылкы жылы капиталдык ремонттон откорулуп, Бириккен улуттар уюмунун «Мектеп тамагын жакшыртуу» долбоору тарабынан тамак бышыруучу жабдыктар, ошондой эле жарым жылдыкка мерчемдештирилген 3000 т.  байытылган ун берилди. Учурда аталган мектеп окуучулары сапаттуу тамак-аш менен камсыздалып, мектеп ашканасы да заман талабына жооп берип турган чагы. Мектепте окуучуларга кол жууй турган раковиналар,   колду кургатуучу электр аппараттары орнотулуп, окуучулар гана эмес алардын ата-энелери да кубанып турган убагы.

Ал эми №2 Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы орто мектеби  аталган долбоорго былтыркы окуу жылы тартылып, долбоор  тарабынан мектеп ашканасына керектуу жабдыктар берилсе, быйылкы жылы жарым жылга пландаштырылган 4000 т байытылган ун берилип, мектеп окуучуларынын ысык тамагынын сапаты талапка жооп берир келуудо.  Ошондой эле быйылкы август кенешмесинде аталган мектептин ашпозчусу Питюнова Надежда Николаевна  билим беруу болумунун кызматкерлери тарабынан «Жылдын мыкты ашпозчусу» наамына татыды.

Былтыркы жылы №4 Пушкин, №6 Токтогул, №7 Т.Иметов жана №10 А.П.Гайдар атындагы орто мектептери мектеп тамагын жакшыртуу программасынын алкагында Эл аралык МерсиКо уюму тарабынан мектеп ашканалары жергиликтуу казынанын эсебинен капиталдык ремонттон откорулуп, аталган уюм тарабынан ашканага керектуу жабдыктар менен камсыздалышып, мектеп тамагын уюштурууга кетуучу азык-тулуктор берилип, мектеп окуучуларын сапаттуу тамак-ашын менен камсыздоо мыкты денгээлде уюштурулган эле.  Быйылкы жылы да аталган уюм  азык-тулук менен камсыздоосу кутулуудо. Билим беруу болумуно караштуу №5 Ч.Айтматов атындагы орто мектеби да аталган долбоорго катышып, мектеп ашканасы капиталдык ремонттон откорулуп, уюм тарабынан ашканага керектуу жабдыктар менен камсыздалып, мектеп окуучуларын сапаттуу тамак менен камсыздоо алдында турат.