Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлумүнө караштуу балдардын билим борборунда өткөрүлгөн областтык көчмө жыйын жөнүндө маалымат

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бɵлүмүнɵ караштуу балдардын билим борборунда 2018-жылдын 19-апрель күнү областтык деӊгээлде балдардын билим борборлорунун ийрим жетекчилери үчүн кɵчмɵ жыйын болуп ɵттү.

Кɵчмɵ жыйын ɵткɵрүүнүн максаты: областтын бардык аймактарында балдардын билим борборлорунун  ишин бирдиктүү системага түшүрүү болуп саналат.

 Кɵчмɵ жыйынга область аймагынан жалпы 30 га жакын ийрим жетекчилери, балдардын билим борлорунун директорлору, окуу бɵлүмдɵрүнүн башчылары катышты.

Кɵчмɵ жыйындын башталышы балдардын билим борборуна саякат жасоо менен башталып, андан соӊ орус тили сабагынан ачык сабак кɵрсɵтүлдү. Сабакта шаардын кɵчɵлɵрүнүн тарыхы, шаарда жашап кеткен, жашап ɵткɵн белгилүү инсандар жɵнүндɵ окуучуларга кеӊири маалымат берилди.

Андан кийин “Укук таануу” ийриминин катышуучулары тарабынан Ч.Айтматовдун “Делбирим” повестинин негизинде соттук отурум кɵрсɵтүлдү.  Соттук отурумдун аягында ийрим жетекчиси чыгарманын тарбиялык  маанисин окуучуларга кеӊири түшүндүрүү менен, чыгармалардын он жана терс сапаттарынан ɵздɵрүнɵ тыянак чыгаруу керектигин айтып ɵттү.

“Мурас” ийриминин жетекчиси кɵчмɵ жыйындын катышуучуларына кагаздан гүл жасоо боюнча мастер класс кɵрсɵтүп берди.

Жыйындын сонунда “Балдардын билим борборлорунун кɵйгɵйлɵрү жана аны чечүү жолдору” деген темада тегерек стол ɵткɵрүлдү. Тегерек столдо катышуучулар ɵз иштериндеги кɵйгɵйлɵрдү айтуу менен бул кɵйгɵйдɵн кантип чыгуу жолдорун сунушташты.

Кɵчмɵ жыйындын сонунда катышуучулардан “Чыгуу билети 3-2-1” деген кайтарым байланыш алуу максатында анкета алынып, балдардын билим борборунун директоруна тапшырылды. Кɵчмɵ жыйын ɵткɵрүүгɵ кетүүчү кенсе буюмдарын алууга билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитети тарабынан финансылык жардам кɵрсɵтүлдү.  

Кɵчмɵ жыйын ɵткɵрүү кезеги Баткен шаардык балдардын билим борборуна ɵткɵрүлүп берилди.