Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мектептеринде Кызыл-Кыя шаарынын 120 жылдыгына карата тарбиялык сабактар жана көргөзмөлөр өтүлүп жатат

          2018-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата түзүлгөн иш мерчеминин негизинде Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мектептеринде  2018-жылдын 15-октябрынан 23-октябрга чейин  Кызыл-Кыя шаарынын 120 жылдык мааракесине карата ачык тарбиялык сабактар өтүлдү. Тарбиялык сабактарды баалоо үчүн атайын комиссия курамы буйруктун негизинде бекитилип, тарбиялык сабактарды баалоо критерийлери иштелип чыгып, мектептерге таркатылды.

            Сабактарда Кызыл-Кыя шаарынын тарыхы, басып өткөн жолу жана келечеги талкууланып, мектеп окуучулары шаар болуп калыптануусундагы басып өткөн жолу, шаардын белгилүү инсандары, ал гана эмес шаардагы ар бир көчөнүн тарыхы боюнча кеңири маалыматтарга ээ болушту.

 

         Ошондой эле Кызыл-Кыя шаарынын 120 жылдык мааракесине карата көргөзмөлөр уюштурулду. Көргөзмөлөрдү баалоо үчүн комиссия курамы буйруктун негизинде бекитилди. Көргөзмөлөрдө окуучулар тарабынан жүргүзүлгөн изилдөө иштеринин жыйынтыктарынан  буклеттер жасалып, сүрөтчүлүк өнөргө жакын окуучулардын эмгектери  да коюлуп, ошондой эле ийримдерде окуучулар тарабынан колдо жасалган шаардын макеттери, окуучулардын көз карашындагы шаардын келечеги ж.б. ар түрдүү иштер коюлуп, тарых мугалимдери тарабынан шаар тууралуу сабактан тышкаркы учурларда кеңири маалыматтар берилип жатат.

         Бул көргөзмөлөр жыл аягына чейин мектептин көрүнө турган  жерлерине жайгаштырылып, шаардын 120 жыл аралыгындагы тарыхы менен мектепке келген ар бир катышуучу тааныш болмокчу.

 

Материалды даярдаган Душобаева Ж.