Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү мектептердин ата-энелери үчүн “Окуучулардын инсан болуп калыптануусунда, тарбиянын мааниси”аттуу тегерек стол болуп жөнүндө маалымат

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмү, билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Кызыл-Кыя шаардык комитети менен биргеликте жалпы билим берүүчү мектептердин ата-энелерине “Окуучулардын инсан болуп калыптануусунда тарбиянын маанилүүлүгү” деген темада тегерек стол өткөрдү. 

Тегерек стол өткөрүүнүн негизги максаты: ата-энелерди тарбия берүү жараянына тартуу, тарбия берүү усулдарын үйрөтүү, ата-эненин баланын алдындагы милдетин мыйзамдуу жагын түшүндүрүү менен бирге мугалимдердин ишин жеңилдетүү болуп саналды.

Тегерек столго шаардык  билим берүү бөлүмүнө караштуу бардык жалпы билим берүүчү мектептердин ата-энелер комитеттеринин мүчөлөрү катышты. Мындан тышкары ата-энелерге акыл-насааттары, турмуштук тажрыйбалары менен бөлүшүү үчүн мектептер тарабынан “Мыкты ата-эне”, “Мыкты насаатчы”  наамына ээ болушкан шаардын эң алдыңкы абройлуу инсандары да чакырылды.

Тегерек стол интерактивдүү форматта өткөрүлүп, каалоочу ата-энелер, окуучулардан турган 5 топ менен иштелди. Ар бир топко модератор тарабынан тарбия берүү боюнча улуу ойчулдардын сөздөрүнөн турган сөз айкаштары, фразеологизмдер, макал-лакаптар берилип, философиялык маанисин турмуштук мисалдар аркылуу бышыктап берүү тапшырмасы берилди.

Топтор аткарган иштерин презентациялап беришкенден кийин эксперттик топ деп аталган шаардын мыкты инсандары топтордун иштерине баа берип, өздөрүнүн кошумчаларын киргизишип, ата-энелерге жана окуучуларга турмуштук мисалдар, чыгаан инсандардын басып өткөн жолдору менен аткарган иштеринен үзүндүлөрдү айтып берүү менен ата-энелерди тарбия жараянына маани берүүгө үндоштү.

Топтордун иши аяктаган соң модератор мугалимдер тарабынан акыл-эс жагынан артта калган деп эсептелип, мектеп-гимназиялардан чыгарылган, бирок эне тарбиясынын таасири астында ааламды багындырган чыгаан инсандар жөнүндө слайд көрсөтүү менен, ата-энелерди тарбиянын маанилүүлүгүн таанууга, материалдык байлыктын артынан куубай, тарбия берүүнү баланын жашоосунда маанилүү деп эсептөөгө чакыруу менен, мугалимдер билим берип, ата-энелер тарбия бергенде, окуучуларда эки сапат бирдей жуурулушуп, инсан болуп калыптанаары, “Алтын доордун” куруучулары келечек муундун тарбиясына басым жасоону ата-энелерге милдеттендирди.

 

Маалыматты даярдаган БББнүн башкы адиси:

Ж.М.Душобаева