Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыл-Кыя шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу билим берүү мекемелиринин баштапкы профсоюз уюмдарынын башчылары үчүн кароо-сынак болуп өттү

      2018-жылдын апрель айында билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун шаардык комитети тарабынан “Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдары арасында кароо-сынак жарыяланды.

      Кароо-сынактын жобосу берилип, жобонун негизинде кароо-сынак 2018-жылдын апрель айынан жаңы 2018-2019-окуу жылдан сентябрь айына чейинки мөөнөт ичинде өтөөрү белгилүү болду.

      Кароо-сынактын жобосу боюнча бул кароо-сынакка “Аймактарды өнүктүрүу жылына” карата түзүлгөн иш мерчем жана анын аткарылышы, баштапкы профсоюз уюмдарынын аткарган иштери, отурумдардын протоколдору, баштапкы профсоюз уюмдарынын алдындагы комиссиялар жана алардын аткарган иштери, жалпысынан алганда билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмдарынын аткарган иштерин кароо, жыйынтыктын негизинде алдыңкы орунга ээ болгон билим берүү мекемесинин баштапкы профсоюз уюмунун областтык сынакка катышуу укугун берүү болуп саналды.

    Сынакка 27 мекеме катышып, аталган жобо боюнча баштапкы профсоюз уюмунун портфолиосун, аткарган иштерин чагылдыруу жана “Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата аткарылган иштердин фото көргөзмөлөрүнөн буклеттерди жасап, баштапкы профсоюз уюмдарынын төрайымдары жигердүү катышышты.

     Кароо-сынакты билим берүү кызматкерлеринин профосоюзунун шаардык комитети  тарабынан бааланып, жыйынтыгы 2018-жылдын 19-октябрь күнү чыгарылып, Кызыл-Кыя шаарындагы №4 “Ландыш” балдар бакчасынын баштапкы профсоюз уюму жеңүүчү деп табылып, областтык турга катышуу мүмкүнчүлүгүн алды.

 

Материалды даярдаган Душобаева Ж.