Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызыктуу жолугушуу

     2018-жылдын 7-мартында Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ат-Башы райондук комитетинин демөөрчүлүгү менен Жаналы уулу Абдыракман  атындагы орто мектебинин  коллективинде кызыктуу жолугушуу өткөрүлдү.

     Жолугушууга жергиликтүү акын, журналист Жекшенбай Курманов       чакырылып иш чара өткөрүлдү.  Иш чаранын негизинде акын, журналист Жекшенбай өзүнүн  чыгармачылыгы жөнүндө ангеме куруп берди жана өзүнүн  ырларынан коллективге окуп берди.  Мектептин адабий ийриминин окуучулары Жекшенбай Курмановдун ырларынан түзүлгөн декломацияларды көрүүчүлөргө тартуулашты. Жолугушуу окуучулардын ыр кружогунун катышуучуларынын чакан концерти менен аяктады.