Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кызматкерлердин Спартакиадасы өткөрүлдү

Билим, илим  кызматкерлеринин  кесиптик  бирлигинин  Ош  областтык  комитети  тейлөөдөгү кызматкерлер арасында  спорттун  алты  түрү: волейбол, шахмат, стол тенниси, тогуз-коргоол, ордо  жана  кичи футбол  боюнча  Спартакиадасын  окуу жайлар арасында  26-апрелде КӨУнүн   спорттук базасында, рай-шаарлардын арасында  27-апрель күнү  Кара-Суу  районунун спорттук  базаларында  жогорку  деӊгээлде  өткөрүлдү.

Спартакиаданын  мандат  комиссиясы   катышуучулардын  документациясын комиссиядан  өткөрүшүп, калыстар тобу  оюндардын  жүрүшүн так,  калыстык менен  өткөрүп беришип, уюштуруучулар  тарабынан ыраазычылыктарга   ээ болушту.

Спорт бул- ден-соолукту  чыӊдоо, спорт бул-достукту   бекемдөө, спорт бул-өз ара мамилени, байланышты  камсыздоо дегендей,  быйыл  биринчи  жолу  Жалал-Абад Мамлекеттик  университетинин спортчулары  окуу жайлар арасындагы мелдештерге  келип катышышты. Областтык  профсоюз комитетинин  бул иш чаарасы,  окуу жайлар арасындагы байланыштарды  кеӊейтүүгө  көпүрө  болууга  өбөлгө  түзүү шартында таризделенди .

Иш чаарада  областтык  профсоюз  комитетинин  төрагасы  С.Тойгонбаев  куттуктоо сөз сүйлөп, Спартакиаданы ачык  деп  жарыялады. Спортсмендерге  куттуктоосун  КӨУнүн  ректору  Ч. Раимбаев  ыроолоду.

Жыйынтыгында  спартакиаданын  жеӊүүчүсү  болуп ОшМУнун  командасы,  II орунду  ОшТУ, III орунду  КӨУнүн командалары  камсыздашты.

Райшаарлар  арасында  I  орунду  Ноокат  районунун спортсмендери ээлешип,  жеӊүүчү деп табылып, кубоктун  ээси  болушту.

Командалар  арасында  II  орунду  Кара-Суу  районунун, 

III орунду   Алай районунун  командалары  ээлешти.  Мелдеште мыкты оюнчу, жаш оюнчу, ардагер  оюнчу,  мыкты калыс номинациялары  боюнча  дипломдор уюштурулуп, сыйланышты.

Спорттун  ар бир түрү  боюнча  жеӊүүчүлөргө  дипломдор жана  белектер тапшырылды.  Спартакиаданын  соӊунда кызматкерлер  иш-чааранын  жогорку  уюшканадыкта  өткөрүлгөндүгүнө  ыраазычылыктарын  билдиришти.

 

Билим  жана  илим  кызматкерлеринин кесиптик  бирлигинин  Ош  областтык комитетинин  төрагасы: С.Тойгонбаев