Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кыз-жигит сармерден

Аксы районундагы Н.Мамбетов атындагы мектебинде окуучулар арасында Кыз-Жигит сармерден оюну өткөрүлдү. Кыздардан түзүлгөн Ак куу тобу менен жигиттерден түзүлгөн Биримдик тобу таймашышты. Сармерденди уюштуруу максаты ,окуучуларды биримдикке, сабырдуулукка тарбиялоо. Жаш окуучулардын арасындагы кылмыштуулукка жол бербөө.

«Сармерден» оюну байыркы болгондуктан, анын тамыры да терең, мааниси да терең.  Кыргызда кылымдардан эле бойго жетип болукшуп турган кыз-жигит “Сармерден” оюнун курушуп, бири-биринин өнөрүн, кыял-жоругун сынап, эби менен таң-тамаша салышып, шакылдаган Шайыр жеңе, эптүү жигит Эрке бала баарын жайгарып, оюнду кызытып, жөнгө салып турушкан.  Илгери бул оюн жалпы элдин маанайын ыр-күү, тамаша менен көтөрүүдөн тышкары,  ар жайлоодогу, ар конуштагы элди бир жерге чогултуу менен андагы жаштардын ал жерден көрүшүп-таанышуусуна, сынашуусуна, бири-бирине төп келген өмүрлүк түгөйлөрдүн табышуусуна шарт түзүп, ошону менен бирге журт ичине шаң орнотуп келген.


Материалды даярдаган Наргиза Тотоева