Председатель

Наши партнеры

Статистика

КЫЗ-КЕЛИНДЕРДИ ТӨРӨБӨЙ ЭЛЕ КОЙГУЛА ДЕШИБИЗ КЕРЕКПИ???

       Биз профсоюздар кайсыл тармак болбосун, өз ишмердигибизде тийиштүү мыйзамдарга таянып эмгектенип жаткан кызматкерлерибиздин социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоп келебиз. Кыргызстанда эмгекчилердин укукук мамилелерин жөнгө салган Эмгек Кодекси, Социалдык өнөктөштүк, Жамааттык келишимдер, Профсоюздар жөнүндөгү, бир катар мыйзамдарыбыз, Өкмөттүк токтомдор ж.б. бир катар укуктук-нормативдик актыларыбыз бар. Кандай гана мамлекет болбосун, анын негизги саясатында жана идеологиясында өз жарандарынын социалдык абалын жогорулатууга, жашоо шартын жакшыртууга багытталган максаттар мааниге ээ экендигинде талаш жок болушу кажет эмеспи.                

      Бирок, КРнын Өкмөтүнүн 11.11.2011-ж. №727-токтому менен бекитилген кош бойлуулук жана төрөт боюнча (төрөгөнгө чейин 70 күн, төрөттөн кийин 56 күн декреттик) өргүүгө кызматкерлерди чыгарууда төлөнүүчү жөлөк пулдун өлчөмү жөнүндөгү Жободо эң эле төмөн көрсөткүч белгиленгендигин мындай максаттарга ылайык келет деп айтууга болбой тургандыгын канчадан бери көрсөтүп келебиз. Айтсак, кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүгө чыккандарга бул Жобо менен алгачкы он күндүгү орточо эмгек акысынын эсебинде, ал эми он биринчи күндөн баштап калган (116) күндөрү эсептик көрсөткүчтүн 10 эселенген (айына 1000 сом) төлөнүп берилсин деп кабыл алынган. Буга салыштырмалуу эмгекке убактылуу жарамсыздык (ооруу бюллетени) боюнча (грипп менен ооруп калган күндө деле) өргүүгө эсептик көрсөткүчтүн 50 эселенген (5000 сом) өлчөмдө жөлөк пул төлөнүп келатат да. Бул деген айталы, эми гана жумушка кирген, стажы аз, андыктан эмгек акысы да төмөн, мисалы 6-7 миң сом алып иштеп жаткан жаш, бирок эң бала төрөө курагындагы канчалаган катчы-референт, лаборант, методист, жаш окутуучу ж.б. кыз-келиндерибизге карата мамлекет тарабынан эң эле адилетсиздик экендигин көрсөтүп жатпайбы!                Декреттик өргүүгө чыкса мындай эмгек акынын жөлөк пулу үч айга (126 күнгө) болгону 5000-6000 сомго да жетпейт. Анан көрүп жатпайбызбы, айлык акы зарыл болгон үчүн декреттик өргүүгө чыкпастан дээрлик төрөй турган күнгө чейин, төрөп алгандан кийин баласынын кыркы чыга электе да жумушка кайтып келип алышкан учурлар кездешүүдө. Азыркыдай турмушта акча баарына керек. Өзгөчө төрөйм деген кыз-келиндердин клиникага каттоого тургандан баштап, тийиштүү процедураларга, дары-дармекке, төрөт үйүндөгү мыйзамсыз төлөмдөрүнө чейинки чыгымдары опол тоодой экендиги эч кимге деле жашыруун эмес го. Анан кантип биз мамлекет жаш энелерге, алардын бөбөктөрүнө камкордук көрүп жатат деп оозубуз толуп айта алабыз? Жетишпеген турмушта акчанын айынан бир, же эки айга толо элек бөбөктөрдү үйдөгүлөргө, тууган-туушкандарга, же баткан жерине багууга таштап, жумушка чыгып алгандар, же болбосо Россияга кетип жаткандар, жок дегенде 1-2 жылга чейин дурустап эненин сүтүн эмбей калган бөбөктөр, алардын келечеги жөнүндө эмне үчүн ойлонушпайт?                              

           Мындай абал канча жылдардан бери эле жаш энелердин да, мамлекетибиздин келечеги болгон наристелердин да эң биринчиден саламаттыгына, психикасына, акыл-эсине, аң-сезимине олуттуу терс таасирин тийгизип келатпайбы! Эмнеге бул маселеге көңүл бурулбайт, аны байкагыбыз келбейт, көргүбүз келбейт? Каражат таңкыс деп өзүнүн келечегинен аянган өлкө өсүп-өнүгүшү мүмкүнбү, албетте жок?! Калктын санынын өсүшүнө зор салым кошкон энени барктап баалай албасак, балдарды татыктуу асырап тарбиялай албасак эртең өлкөнү кандай күн күтүп тураарын ойлосок!      

             Азыркы глобалдык өзгөрүүлөрдүн заманында Кыргызстанда бала төрөгөндү төбөгө көтөрсөк да жараша турган учур десек болот. Төрөлгөн бала үчүн жок дегенде 40-50 миң сом өлчөмүндө бир жолку сүйүнчү пул, анан ошол жарыбаган 5-6 миң сом айлык акысынын болбоду дегенде, жарымын ай сайын жөлөк пул кылып төлөп берип, алардын өлчөмдөрүн жыл-жылдап акырындык менен жогорулатып, баланы кеминде 1,5-2 жыл эмизесиң, оорутпай чоңойтосуң, бирөөгө багууга таштап кетпейсиң, болбосо мыйзам алдында жоопко тартыласың деп эрктүүлүк менен чечимдерди алганга эмнеге болбосун?                                                                        

             Мына ушундай маселелер жакында билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюздарынын Ош областтык комитетинин кезектеги Президиумунда талкууланып, анын чечими менен кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулдун учурдагы өлчөмүн көбөйтүүнү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен жана Өкмөтүнөн талап кылуу сунушу менен тармактык профсоюздун Борбордук Комитетине кайрылуу жасалды.

Просмотров: 141