Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кышка карата даярдык.

Аксы районуна караштуу Кербен шаарындагы Т.Үметалиев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинде кышка карата даярдык быйыл өтө чоӊ жумушту талап кылды. Себеби жылытуу системалары, от казан жана электр жабдууларынын айрым жерлери эскиргендигине байланыштуу толук алмаштырууга туура келди. Уч тараптуу келишимдин негизинде мэрия тарабынан жана мектеп кесип бирлик тарабынан  акча каражаты бөлүнүп, керектүү болгон тетиктер сатылып алынды жана ондоо-түзөө иштери жүргүзүлүп, мектеп жылытуу системалары толук ремонттон өткөрүлдү. Натыйжасында мектепте кышка карата билим алуу үчүн толук шарттар түзүлдү деп эсептейм.

Маалымат берген кесип бирлик төрайымы:Н.Сейдилова.