Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кырсыктан жабыркаган бала бакчага жардам

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов Жалал-Абад областындагы  иш  сапарынын алкагында Сузак районунун Кара-Дарыя  айылындагы табигый кырсык, селден  жабыркаган  №7  “Ак-Тилек” балдар бакчасында болуп, анын абалы менен таанышты.

Мекеменин жамааты жана тарбиялануучулары менен жакшы маанайдагы жолугушуу болуп, аларга  белектер  тапшырылды. Берилген белектер жамаатты жана  тарбиялануучуларды чексиз кубандырды.  

Балдар бакчасынын жетекчилиги атайын келип, аларга материалдык жардам көрсөткөнү үчүн кесиптик бирликтин жетекчиси А.Токтогуловго ыраазычылыктарын билдиришип, билим берүү кызматкерлеринин кадыр-баркын  көтөрүү багытындагы иштеринде албан ийгиликтерди жана бекем ден соолукту каалашты.

Жолугушууга кесиптик бирликтин Жалал-Абад областтык комитетинин төрагасы А.Исмаилов жана Сузак райондук комитетинин төрагасы А.Орозалив катышты.

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык КБКнын инспектору А.Айдаров