Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кыргызстандагы билим берүүнүн заманбап багыттары

2019-жыл 29-август күнү Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында “Кыргызстандагы билим берүүнүн заманбап багыттары” темасында Август кеңешмеси болуп өттү.

Анда Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Э.Маматаев, орун басары З.Юлдашева, Ноокен РИИБнүн башчысы, айыл өкмөт башчылары, мекеме иш-каналардын жетекчилери,  ардагер мугалимдер, жаш адистер жана билим берүү кызматкерлери катышышты.

Август кеңешмесинде Ноокен мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Э. Маматаев билим берүү тармагындагы жетишкендиктер жөнүндө айтып, бардык билим берүү кызматкерлерин жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу  Г. Борбиева Ноокен райондук билим берүү тармагындагы аткарылган иштер жана жаңы 2018-2019-окуу жылына коюлган милдеттерге толтолду.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин төрагасы К. Нышанов өткөн окуу жылындагы жетишкен ийгиликтер, балдардын жана мугалимдердин жайкы эс алуусунун уюштурулушу жөнүндө өз куттуктоо сөзүндө айтып өттү.    Ал өз сөзүндө кароо-сынактарга катышып, эң мыкты деп табылган билим берүү кызматкерлери жылдагыдан өзгөчөлөнүп Өзбекстан Республикасынын тарыхый эс алуу жерлеринди эс алгандыгын жана эми мындан ары да  жайкы эс алуулар башка чет өлкөлөрдө уюштурулаарын белгиледи.

Андан сырткары жаңы окуу жылында жумушка кабыл алынып жаткан жаш адистердин ант берүүаземи болуп өттү.

Алдынкы  жамааттарга жана мугалидерге райондук  билим  берүү  бөлүмүнүн  Ардак  Грамоталары, көчмө  туулары, баалуу белектер жана  10  билим берүү ардагерлерине  “Ноокен  районунун   билим  берүүсүнүн  Ардегери” төш  белгилери жана  акчалай  сыйлыктар, мыкты социалдык өнөктөш болгон Достук айыл өкмөтүнө баалуу белек  тапшырылды.

 

Материалды даярдаган:

Ноокен рай КБКнын инспектору Т. Бакиров