Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Кыргызстандагы билим берүүнүн заманбап багыттары” аттуу темадагы жайкы август кеңешмеси болуп өттү

2019-жыл 30 август күнү Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында “Кыргызстандагы билим берүүнүн заманбап багыттары” аттуу темадагы жайкы август кеңешмеси болуп өттү. Кеңешменин бет ачаар сөзүн билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Сулпукарова сөз сүйлөп, куттуктап ачык деп жарыялады. Кеңешменин катышуучулары болуп Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Т.Жайылов, Токтогул райондук профсоюз комитетинин төрагасы Т.Исраилов, айыл өкмөт окүлдөрү, мугалимдер, ардагер мугалимдер, жаш адистер жана билим берүү кызматкерлери катышышты. Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Д.Сулпукарова райондук билим берүү  тармагындагы аткарылган иш чараларды, жетишкендиктерди слайд- шоу аркылуу тааныштырды. Билим берүүдөгү жетишкендиктер үчүн мугалимдерге райондук мамадминистрациясынын ардак грамотасы, төш белгилер, белектер тапшырылды.

 

Метериалды даярдаган:

Токтогул профсоюз комитетинин инспектору 

 Дүйшөналиев С.