Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

КЫРГЫЗСТАН КЫЛДЫН УЧУНДА ТУРАБЫЗБЫ??

Мен элибиздин мейли, ким кайсыл жерде болбосун, кайсыл кызматты ээлебесин, кандай үйдө, же турмушта жашабасын, бирок дээрлик бирдей болгон дүйнө таанымына, акыл жүгүртүүсүнө таӊ калам! Өнүккөн Батышта, бери жагы Россияда, же Казакстанда, айылдагыларыбыз мигрициядан улам жок дегенде, Бишкекке, же Ошко келип, кор тиргиликтин айынан, алды интелигенция чөйрөсүнө аралашып, жогорку билимдүүлөрүбүз, же таптакыр билимсиздерибиз деле соодагер, же арабакеч болсок да, элетке, айылга келгенде арабыздан чыккан эл даанышмандарынын, акылмандарынын ар кандай кырдаалдарда айткан сөздөрүнө макул болбоско болбой тургандыгына, бул ирет да көзүм жетти.

   Тойдо болсо мейли дейт элек, бирок минтип эл башына келген кайгы-азапта деле, Өзгөндүн Заргериндегидей, Жалпак-Ташындагыдай капсалан учурунда Өкмөттөн обок күтпөстөн белин бекем бууп, карайлап калган калайыкка баш-коз болгон агаларыбызга, оозунда сөзү бар эжелерибизге алардын атын атабасак да, жеке инсандык кайраттуу, оптимисттик позицияларына, ушундай оор учурларда акыл-эсин жоготпогон эрктүү, сабырдуу мүнөздөрүнө ыраазы болуп кайтып келаттым...                                                                                                              Эмнеге кайтып жибердик? Курбу-Таш айылыбызды четинен жемирип келеткан жер көчкүнүн “оозунан” алып калалык деп бир үй, эки үйдүн там-ташын КАМАЗдарга жүктөгөнүбүзчө, кеч кирип, деӊиз деӊгээлинен дээрлик 2000 м жакын бийиктиктеги бул айылга кар уюлгуп чапкындап жаап баштаганда, келген дээрлик жок жолубуз менен кайра Куршапка түшүп кетүүнү ойлоп, тайгаланып-сыйгаланып болсо да, жетип алууну ойлондук.... Эртеси ал жакка барчу жолдор буулуп, аппак кар жер көчкүнүн үстүн, али кочкунун алдында калууга даяр тураган Ата-конушубуз Курбу-Таш айылыбыздын аянычтуу абалын интернет аркылуу гана байкоочу болуп карап турушубузга туура келди...

         Мына бүгүн да, ошол акыл-эстуу коп адамдарыбыз, жашоонун жашоодой болушун Кыргызстандын ар аймагынан сураган эл, 1-май менен бизди куттуктагандар өтө көп болду....Ырахмат айтам баарынарга! Өзгөчө мени профсоюздун, элдин “МАЙ, ЭМГЕК, ТЫНТЫК” майрамы менен куттуктап жатышат. Анан да, проофсоюздар 1-майды Ошто Борбордук Аянтта майрамдайбыз дебединер беле, чыгабызбы деп шаштыбызды алгандар көп болду! Урматтуу элим, кесиптештерим, туугандар, биз кечирим сурайбыз деп жооп берип аттым. Ооба, профсоюздардын билим, илимчилер профсоюздарынын Ош областтык комитети (Сабыр Тойгонбаев) Президиумда ушундай чечим кабыл алганбыз. Бирок, Ош облСовпроф (Тайлакбай Мусаев) муну уккусу да келген жок. Анткени, мындай элдик демонстрация, жыйындар, акциялар бүгүнкү бийликке “Коркконго кош көрүнөт” болуп, дагы эмне-балакет болуп кетпесин дегендей, таптакыр кереги жок экендигин да түшүнүүгө болот го деп ойлойм. Ал эми силердин Ош облСовпроф тарабынан баягы бир мезгилдерде эӊ элиттүү “Тихий Санкт-Петербург” ресторанынын кантип “өрттөнүп кеткендиги”, анын тегерегиндеги 2-3 га жер аянттары кантип менчиктештирилип кеткендиги, жалан биздин “жер участокторуна муктаж болгон” профбоссторубузга 05 сотыктан кантип “оформление” болуп калгандыгы, мунун аркасы менен өткөн айда тийиштүү органдар тарабынан ОшГосрегистрге кылмыш иши козголгондугу жөнүндөгү көп суроолорунарга жооп бере тургун күн келип калыптыр деп ойлонуп келаттым...

                   Демек, ар кимибиз, өлкөбүздөгү мамлекеттикпи, коомдукпу, кайсыл тармак, жөнүндөгү болбосун, айта турган баардык соз алдыда! Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Курбу-Ташка барып, бул аймактан көчүп чыккандарга Жаман-Адырдан жер участоктору бөлүнөт дегенин угуп, элдин мамлекеттен өчүп бараткан умуту кайра жанданганын угуп, ичибиз жылып калганын айтып коелу...

                   Ооба, мен бул поссту балким эмоцияга, ачууга алдырып жазып, ар кайсы жөнүндө аралаш айтып жаткандырмын. бирок кантсе да жаздым. Биз Ошко келсек, демек, коомчулук, интеллигенция, бүтүндөй эл, профсоюздун баардык мүчөлөрү, айтчу сөзүбүздү айтпасак болбой калганын тушунуп турабыз. Кыргызстаныбыз кылдын учунда далай ирет болгонун басып өткөн карт тарыхыбыз тастыктап келатпайбы! Эми бүгүнкү, 21-кылымдагы аӊ-сезимибиз менен көзүбүздүн карегиндей болгон Ата-Мекенибиздин келечегин кантип эле бир ууч саткындар, сабатсыздар, кошаматчылар, мителер менен псевдо ”журт башчылардын” колуна салып беребиз? Буга Азаттык, Адилеттуулук деген кыргыз улутубуз, элибизде Манас деген урааныбыз барында, кан-жаныбыз соо кезинде жол бербейбиз го дейм?!

Абдижапар Аккулов, 

                                                                                   ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы, 

                       география илимдеринин кандидаты, доцент