Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кыргыздын бермети болгон Ысык-Көл мугалимдерге дем берүүдө

Жайдын ысык аптабында көлдүн жээгинде жана салкында эс алууга эмне жетсин. Бах... демекчи, жайдын алгачкы ысыктарында Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептерден 6 мугалим 2021-жылдын 9-августунан 15-августуна  чейин  “Ысык-Көл”  эс алуу  үйүндө  жайкы эс алууда жүрүшөт. Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад  областтык комитети тарабынан жолдомо берилди. Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Таш-Көмүр шаардык  комитети тарабынан уюштуруучуларга  ыраазычылык  билдиребиз.

 

Маалыматты даярдаган: билим берүү кызматкери Б.Деванаева