Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими" Н.Жайлообаевдин элесине

Ала-Бука районунда 22-23-март күндөрү мугалимдер арасыда ар бир аймакта мектептер аралык спортун төрт турүнөн мелдеш өткөрүлүп райондук мелдешке терме командалар тандалып алынды, жободо белгиленгендей 27-март күнү сегиз айыл аймагынан спорттун төрт түрүнөн 32 терме командалар күч сынашууга келишти. Жалпы 250дөн ашык профсоюз мүчөлөрү тартылды. Алгач башкы калыс бардык командаларды чогултуп мелдештин ачылышына КР туусу көтөрүлүп гимни ойнолду, башкы калыс сөздү билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиевге берди агай мелдеш "Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими" Н.Жайлообаевдин элесине өткөрүлүп жүргөнүнө тогуз жыл болгонун айтып Н.Жайлообаев жөнүндө кыскача билдирүү берип катышып жаткан спортчуларга оюнда ийгиликтерди, ынтымак, күчтүүлүк, достук каалап жеңүүчүлөр профсоюз тарабынан дипломдор жана кызыктыруучу белектер болорун белгиледи.

 

Райондук билим берүү бөлүмүнөн Ашырманбет уулу Алмаз, Балдардын жана өспүрүмдөр мектебинин директору Өскөнбаев Нурдөөлөт, эң аксакал оюнчу Саткеев Анарбай жакшы калоолорун айтып мелдешке ийгиликтерди каалап өтүштү.

 

Мелдештин жыйынтыгы спортун төрт түрү боюнча калыстар тарабынан чыгарылып башкы калыс Н.Өскөнбаев оюндар тынч кырсыксыз ынтымакта өткөндүгүн белгилеп жеңүүчүлөрдү атап өттү. Билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин төрагасы Ж.Дурусалиев мелдештин жүргөнүнө өзү күбө болгонун мындан ары да мындай мелдеш улана беруусүн каалап жеңуучүлөргө биринчи, экинчи, үчүнчү даражадагы дипломдорду жана кызыктыруучу сыйлыктарды тапшырды. Волейбол түрү боюнча оюнчу Козуева Асылкан, Футбол түрү боюнча Кудратов Айбектер өз ыразычылыктарын билдиришти.

 

Материалды даярдаган: Калыстар тобунун мүчөсү Казакова Замира