Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кыргыз Республикасынын туу күнү

         Кыргыз элинин улуттук улуулугун, бүтүндүгүн, дүйнөгө  мамлекет катары тааныткан кыргыз элинин туусу. Эгемендиктин, эркиндиктин желбиреген туусу-  кыргыз элинин  руханий дөөлөттөрүн, тарыхый басып өткөн жолун, жашоо турмушун, эстетикалык чагын чагылдырып турган ыйык символ.

           Мамлекетибиздин улуу дөөлөтү  болгон туубуз, дүйнөлүк  аренада Кыргыз элинин эгемен өлкө экендигин даназалап келет. Ал эми тарыхка кайрылсак эзелтен эле ар бир элдин өзүнө тиешелүү туусу болгон. Тарыхка кайрылсак, туу согуш учурунда дем күч  берүү максатында бийик  кармап  аны кайтарып турушкан.  Туунун душмандын колуна  өтүп  кетиши женилгенге тете болгон. Манас эпосунда Манастын туусу айтылган: Ак асаба кызыл туу, айгайлаган ызы-чуу.  Көк асаба кызыл туу- көк жанырган ызы чуу.

    1936-жылы Кыргыз туусун алгач А.Орозбеков, Ж.Абдырахманов, Төрөкул Айтматов, башында туруп кабыл алышкан. Ал туу кызыл түстө болгон. Кыргыз туубуз көтөрүлүп  желбиреп, Кыргызстаныбызда  мамлекеттик мекемелерде, областык жана райондук администрацияларда, айыл аймактарда , борбордук аянттарда көтөрүлүп, туу күнү белгиленет.

        Токтогул районунда дагы 3-март туу күнүн  райондук администрация, райондук билим берүү  бөлүмү жана башка мекемелер  белгилешти.  Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн имаратынын алдына мурдагы жылдардан өзгөчөлөнүп быйыл райондук профсоюз комитетинин колдоосу менен бийиктиги  он эки метр болгон мамлекеттик туу орнотулду.