Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шариповичтен келген белек

Жалал-Абад областы, Базар-Коргон району,Талдуу-Булак айыл аймагында жайгашкан , Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу   №33 Ж.Турусбеков  атындагы орто мектебинин 8- классынын окуучусу  Самсалиев Мырза  .

Могол айыл аймагында жайгашкан №15 Жумалы атындагы орто мектебинин  6  - классынын окуучусу  Досой кызы Самирабегим  жана 3- класстын окуучусу  Боронбаев Июсуфтар  “Жаӊы жыл ” майрамына карата Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шариповичке  “ Жаӊы жыл ” майрамына карата кат жолдошкон.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович  катты окуп  Базар-Коргон   районунда жайгашкан жогоруда айтылган мектептин окуучуларына  белектерди жөнөттү. Белекти райондук мамлекеттик администрациясынын  социалдык тармактар боюнча акимдин орун басары З.Адишова жана  Билим жана илим кызматкерлеринин райондук профсоюз комитетинин төрагасы С.Жаркымбаевдер  2019-жылдын 14-январь күнү тапшырышты.

 

 

 

Даярдаган : РПК төрагасы : С.Жаркымбаев