Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы белгиленди

31-август күнү Тогуз-Торо районунда Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгы шаңдуу белгиленди.

Эгемендүүлүк майрамына Тогуз-Торо  райондук мамлекеттик администрациясы,  райондогу мекеме ишканалардын кызматкерлери, коноктор  жана райондун эли катышты.

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата борбордук стадиондо  майрамдык иш-чаранын театрлаштырылган оюн-зоок программасы райондогу билим берүү уюмдарынын кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, шаңдуу, майрамдык маанай тартуулашты.

 

Маалыматты даярдаган: Тогуз-Торо райКБКнын адиси Н.Апешов