Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кыргыз Респубикасынын Эгемендүүлүк күнүндөгү Ыразычылык кат

Кыргыз Респубикасынын Эгемендүүлүк күнүндөгү

Ыразычылык кат

Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы 31-август Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 29 жылдыгына арналган иш чарада улут саламаттыгы чон коркунучка дуушар болгон учурда калкыбыздын саламаттыгына кам корүүдө моралдык жана материалдык жактан жигердүү колдоо көрсөтүп, жарандарыбызга социалдык жардам берүүгө активдүү катышкандыгы үчүн

ТЫНЫБЕКОВА БАКТЫГҮЛ КАЧИЕВНАГА

өзгөчө ыраазычылык каты тапшырылды.

Райондун акими Байыш Курманов:

Башыбыздан кечирип жаткан кыйын учурда, журт биримдигин сынай турган мезгилде, намыска бекем туруп, бийик жоопкерчилик менен элибиздин оор жүгүнүн бирин сиз көтөрүп, таза ниет, ак эмгегиңизди көрсөтө алдыңыз!

Мындан аркы ишиңизге албан ийгиликтерди, майтарылбас күч-кубатты каалайбыз. Ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун.

Биз Сиздин жасаган ишиңизди жогору баалайбыз жана Сиз менен сыймыктанабыз деген ыраазычылыгын билдирди.

 

Даярдаган: Д. Камбарова