Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кылмыштуулуктун алдын алуу

Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмү, шаардык ИИБ жана ШЭСӨБ (шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгы), шаардык мечиттин башкы хатиб имамы менен биргеликте 2019 жылдын 26-ноябрынан 3-декабрына чейин Кылмыштуулуктун укук бузуулардын алдын алуу боюнча ар бир мектепте окуучулар менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Бул жолугушууларды уюштуруп өткөрүп жаткан ШБББнүн башкы адиси Акамбаева Райкан Жамалдиновна. Өзүнүн жыл сайын түзүп пландаштырылган ШБББнүн негизги иш планынын негизинде өткөрүлүүдө.

Окуучулардын алдында шаардын имамы сөз сүйлөп аларды ыймандуулукка, кең пейилдикке, адам керчиликке, гумандуулукка чакырып кетти. Улууну урматтап,  кичүүнү сыйлоого үгүттөдү.

Ал эми жыйынтык сөзүндө Райкан Жамалдиновна өзүнүн ишеничин айтты, себеби жаш муун биздин келечегибиз деп билдирди. Кылмыштуулукту алдын ала иш-чара жүргүзсөк кана биз андан арылабыз деди.

Окуучулар өзүлөрүнүн ойлорун айтышып, ыраазычылыгын билдиришип Кылмыштуулукка жол бербөөгө аракет жасайбыз дешти. Бул иш-чаранын натыйжасы бар экендиги көрүндү, себеби окуучулар айтылган насаат создөрдү угушуп. жыйынтык чыгарышты, ал эми кылмыш жасасаң анын жазасы бар экендигин түшүнүштү.



                              Профком