Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кылкылдаган кызыл туусу колунда, Кыргызстаным азаттыктын жолунда

    Мамлекеттик туу күнүнүздөр менен жалпы баарыӊыздарды куттуктайм! Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 26 жылдыгына карата Чуй облусунун Кемин районунун А.Акапулько атындагы Кызыл-Байрак орто мектебинде "Желбирей бер эркиндиктин желеги" аттуу акция 2018-жылдын 3-мартында өткөрүлдү. Иш-чарага Кемин райондук мамлекеттик  администрациясынын социалдык саясат секторунун жетектөөчү адиси Дастан уулу Канат, Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Мурзалиева Асылкуль  Кубанычбековна жана Кемин райондук билим кызматкерлер профсоюз уюмунун төрайымы Чылабаева Айсалкын Талиповна катышты. Иш-чаранын негизги максаты келечек муундарды патриоттуулуука тарбиялоо. Ушундай эле иш-чара райондун бардык билим берүү мекемелеринде өткөрүлдү.