Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кытайдын мамлекеттик Ханьбань департаменти ОшМУга 10 миллион сом инвестиция бөлдү

ОшМУнун ректору,  профессор Каныбек Исаков менен  Кытай эл республикасынын  Ханьбань мамлекеттик билим берүү департаментинин башкы  катчысы Сюй Линь айым  Бээжин шаарында Кыргыз-Кытай биргелешкен Конфуций  институтун  ачуу  боюнча жыйынтыктоочу келишимге кол койду.  Келишимге кол коюу аземинен  соң институттун каржылык жана уюштуруу маселелери, департамент менен ОшМУнун мындан аркы кызматташтыгы боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. 2013-жылдан тартып Ханьбань уюму 1-этапта ОшМУнун алдында ачылган институтка 10 миллион сомго жакын каражат бөлүп, ага окуу инвентарлары, жабдуулар, техникалык каражаттар сатылып алынат. Мындан сырткары 3 миң даанадан ашуун заманбап китептер, электрондук окуулуктар жана айрым техникалык каражаттар алынып келинет. Учурда жүрүп жаткан даярдык иштери аяктагандан соң, жаңы окуу жылынан институт студенттерди кабыл алууну баштамакчы.   

ОшМУнун ректору мындан сырткары Кытай Эл Республикасында болгон иш сапарында айрым өндүрүш ишканаларында болуп окутууга тиешелүү заманбап техникалык каражаттарды түз алуу боюнча да сүйлөшүүлөрдү жүргүздү жана  Синьзян педагогикалык университетинин алдындагы Манас таануу борбору менен тажрыйба алмашуу, биргелешип илимий изилдөөлөрдү алып баруу боюнча макулдашуулар болду.  

Окуу жайдын профсоюз комитетинин төрагасы, доцент Абдыжапар Аккулов бул тууралуу мындай аракеттер билим берүүнү өнүктүрүү жана жумуш орундарын заманбап талаптарга ылайык жакшыртууга өбөлгө болоорун  белгиледи.  

 

ОшМУнун басма сөз кызматынын жетекчиси Керимбек Калыкулов