Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюздары модернизацияланып жаткан ОшМУ менен таанышты

Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин IV көчмө пленуму 17-19-сентябрь күндөрү Ош шаарында өттү. Пленумга билим жана илм тармагынын республика боюнча областтык, райондук, шаардык профсоюз кызматкерлери, жогорку окуу жайлары, атайын орто окуу жайларынын профсоюз комитеттеринин 80ден ашуун жетекчилери, пленумдун мүчөлөрү катышышты. 

 

 Иш чаралардын алкагында 19-сентябрь күнү пленумдун катышуучулары Ош мамлекеттик университетининде болушту. Алгач келген коноктор ОшМУнун музейи, автоматташтырылган электрондук системасы, жаңыдан ачылып билим берип келе жаткан Конфуций институту, илимий китепканасы, студенттердин билим алуусу, жашоосу үчүн баардык шарттар менен камсыздалган жатаканалары, республикада жападан жалгыз сакталып, заманбап шарттары менен камсыздалган университеттин профилакториясы, ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү борборлору, ОшМУнун ички каражатынын эсебинен курулуп, жакынкы аралыкта пайдаланууга берилүү алдында турган 4 кабаттуумедициналык клиникасы, ушундай эле курулуш иши аяктап турган стоматологиялык клиникалары жалпылап айтканда, бүгүнкү заман талабына ылайык студенттерге, окутуучуларга түзүлүп жаткан шарттар менен таанышып чыгышты.

 

ОшМУнун ректору Каныбек Исаков делегаттарга ОшМУда аткарылып жаткан акыркы ийгиликтер, курулуштар, инвестицилар боюнча маалымат берип “Бүгүн окутуучулардын эмгектенүүсүнө, студенттердин билим, тарбия алуусуна баардык шарттарды түзүп жатабыз, электрондук университет түзүп, ал толук ишке ашууда. Бүгүн биз бир нерсеге - аң сезимдүү өзгөртүү маселесинде токтоп турабыз”, -деди.

 

 Университеттеги билим алууга, эмгектенүүгө болгон шарттар менен таанышып чыккан соң «ОшМУ чындыгында бүгүн республикадагы чоң илимий борборлордун бири. Ошол эле учурда бирден бир республикадагы өнүгүп жаткан жогорку окуу жайы десем жаңылышпайм. Өзүңүздөр күбө болгондой, өзүнүн жеке ички каражатынан республикада биринчи болуп медициналык клиника, ошондой эле башка курулуштарды куруп жаткандыгына да күбө болдук. Ал эми баардык шарттары менен камсыздалып, студенттердин ден соолугуна кам көрүүчү профилактарий Кыргызстан боюнча ушул университетте сакталып калгандыгы да өзгөчө мааниге ээ»,- деген оюн Кыргызстан профсоюздар федерациясынын төрагасы, билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы А.Токтогулов билдирди. 

 

Кошумчалай кетсек, Ош шаарында өткөн көчмө пленумда билим жана илим тармагында эмгектенгендердин жана студент жаштардын социалдык, экономикалык, эмгектик укуктарын коргоо жаатында сөз болгондугун ОшМУнун профсоюз комитетинин төрагасы А.Аккулов маалымдады.