Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Орозо айт жана өздүк майрамы менен куттуктоо

Билим  берүү  жана  илим  кызматкерлеринин  кесиптик бирлигинин  Жалал-Абад областтык  комитетинин  уюштуруу  бөлүмүнүн  башчысы  Бегматов  Анарбай  Турдубаевичтин эмгек, өмүр жолу билим берүү тармагы менен тыгыз байланышкан. Жаш муундарды тарбиялоодо, билим берүүнүн сапатын жогорулатууга, өнүгүүнүн  алдынкы ыкмаларын кеӊири жайылтууга чон салым кошкондордун бири. Ал эми кийинки жылдары билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин жооптуу кызматкери катары мугалимдердин укугун жана таламдарын коргоо, социалдык шарттарын жакшыртуу багытында көп иштерди жүргүзүп келе жатат.

Ушул жылдын 13-Майы А.Т.Бегматов үчүн кош майрам  болду, анын туулган күнү ыйык орозо айтына туш келди. Биз, кесиптештери Анарбай Турдубаевич Бегматовду кош майрамы менен чын жүрөктөн куттуктап, баардык жакшылыктарды, бакыт-таалайды тилейбиз. Мындан ары да кесиптик бирдик тармагында чарчабай-чаалыкпай иштей беришсин каалайбыз.

 

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад областтык комитетинин жамааты.