Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кусейин Карасаев - залкар агартуучу!

Кыргыз элинин залкар агартуучусу, тилчи жана көрүнүктүү ишмер Кусейин Карасаевдин 120 жылдык юбилейи республикалык деңгээлде белигиленип жаткандыгы баарыбызга маалым. ЖАМУда мааракени утурлап, өткөрүлүүчү иш чаралардын планы иштелип чыгып, окуу иштерин уюштуруу онлайндык режимде жүрүп жаткандыгына карабастан чыгармалары боюнча "Кереге кеңеш", "Тегерек стол", жана "Эмгектеринин көргөзмөсү", Эссе, дил баян жазуу ощондой эле "Кусейин Карасаев – залкар агартуучу" деген аталышта иилимий-практикалык конференция өткөрүу сыяктуу иш-чаралар уюштурулууда.

Жакында К.Карасаевдин өмүр жолуна, эмгектерине арналган онлайн иш-чара ЖАМУнун Табигый-Техникалык факультетинде уюштурулуп, ага студенттер активдүү катышышты. Натыйжада бир арагтуучунун таржымалы менен таанышуу аркылуу бүтүндөй кыргызстандын агартуу тармагы тууралуу баалуу маалыматтарга ээ болушуп, тармактын өнүүгүүсүнүн маанилүүлгүнө түшүнүп, салым кошкон инсандардын эмгегин эскерүүгө жана баалуулугун барктай билүүгө үйрөнүштү. Мындай иш чаралар ЖАМУнун структуралык бардык бөлүм факультеттеринде уюштурулуп өткөрүлүп жаткандыгы жаштарды тарбиялоодо көөнөргүс баалуулуктар катарында салым кошоору талашсыз.

Төмөндө иш-чаралардан айрым фрагметтер тиркелди:

Даярдаган Баитова Н.