Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Куршаб аймагынын тарыхы» китеби жарык көрдү

2021-жылдын 11-сентябрында Өзгөн районундагы А.Таңатаров атындагы интернат-гимназиясында «Куршаб аймагынын тарыхы» атуу илимий-популярдуу китептин бет ачары болуп өттү. Китептин авторлору көп жыл мамлекеттик кызматтарда иштеген ардагер Орозали Амирахулов жана алгачкы педагогикалык эмгек жолун 2021-жылдын 1-сентябрынан баштап жаткан А.Таңатаров атындагы интернат-гимназиясынын жаш тарых мугалими Азирет Заидов болуп саналат.

Китептин бет ачарына айыл ардагерлери, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы жана райондук профсоюз комитетинин төрагасы, Куршаб айыл өкмөтүндөгү мектеп директорлору, Ош мамлекеттик университетинин тарых бөлүмүнүн мугалимдери жана интернат-гимназиянын педагогикалык жамааты катышты. Тилекке каршы, ардагер О.Амиракуловдун көзү өтүп кеткендигине байланыштуу китепти толук аягына чыгаруу, архивдик, тарыхый материалдарды изилдөө, топтоо иштери жаш мугалим А.Заидов тарабынан ишке ашырылган.

«Куршаб аймагынын тарыхы» аттуу илимий-популярдуу китептин бет ачарына катышкандар китеп жөнүндө өздөрүнүн жылуу пикирлерин айтышты. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын миледтин аткаруучу А.Муратов жана райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы И.Мырзамидинов А.Таңатаров атындагы интернат-гимназиянын жаш мугалими, тарыхчы жана китептин автору А.Заидовго чыгармачылык ийгиликтерди каалашты.

 

Маалыматты даярдаган: Өзгөн райондук кесиптик бирлик комитети