Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Кубаныч тартуулаган жаңы жыл!

Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан балдар үчүн жаңы жылдык балаты майрамы уюштурулду.

Балаты майрамы областык “Барпы Алыкулов” атындагы  кыргыз драммалык театрында  2018-жылдын 27-декабрь күнү белгиленип,  шаардагы мектептерде окуган алдыңкы окуучулар жана билим берүү кызматкерлеринин балдары чакырылды.

Иш чарага Жалал-Абад шаардык маэриясы, депутаттар кеңеши, шаардык билим берүү бөлүмү ошондой эле Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитети катышышты.

Балаты майрамына келген окуучулар өздөрүнүн өнөрлөрүн ырдап, бийлеп көңүл ачышты.

 

 

Маалыматты даярдаган: Максат Мамасыдыков