Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн балдарга белеги

2020-жылдын 29-декабрь күнү КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жаңы жылдык майрамы онлайн форматта өттү. Анда облус башчысы А.Т.Сыргабаев,  жергиликтүү бийлик жетекчилери район-шаарлардын билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, окуучулар  катышышты. Өкүл балдарды майрам менен куттуктап, учурдагы шартка байланыштуу онлайн өткөрүүнү туура көргөнүн айтып өттү. Аралыктан сабак өтүү, билим алуу мугалимдерге, окуучуларга жана ата-энелерге бир катар маселелерди жараткандыгын, бирок ага карабастан бул ишти мыкты өздөштүрүп, деңгээлинде аткара алгандыктары үчүн мугалимдерге ыраазычылык билдирди. Онлайн иш-чарада Ноокен райондук администрациясынын башчысы–аким А.К.Осмонов сөз сүйлөп, Жаңы жылдык куттуктоосун айтты. Иш-чаранын жүрүшүндө балдарга губернатордун жаңы жылдык белектери тапшырылды.

 

Ноокен райКБКнын инспектору

Т. Бакиров