Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Красная Гвоздика” эс алуу лагеринде Базар-Коргон райондук билим берүү жана илим кызматкерлери семинарга катышып келишти

Жалал-Абад областына караштуу Базар-Коргон райондук билим берүү жана  илим кызматкерлеринин 9-июль күнүнөн баштап 14-июль күнүнө чейин Ысык-Көл  областына  караштуу Тоӊ районунда жайгашкан Красная Гвоздика эс алуу  лагеринде Базар-Коргон райондук билим берүү жана илим кызматкерлеринен 9 делегат барып, семинарга катышып келишти.

Жалал-Абад областынын Обком профсоюз комитетинин төрагасы А.Исмаилов алдында уюштурулган райком, шаарком профсоюздары жана жаштар канаты Ысык-Көл  областына караштуу Тоӊ районунда жайгашкан “Красная Гвоздика” эс алуу  лагеринде семинар уюштурду.

Семинардын журушу уч багытта болду семинарга Жалал-Абад областына караштуу бардык райондордон жана шаарлардан   жетимиш делегат келип катышышты.

Семинарга Илим жана Билим кызматкерлеринин Борбодук Профсоюз Комитетинин төрагасы А.Токтогулов катышты.

Семинарда жаштар канаты даярдаган флешмоб уюштурушуп А.Токтогуловго көргөзүштү. А.Токтогулов Жалал-Абад областынан келген делегаттар менен жолугушуу өткөрдү, профсоюзда болуп жаткан жанылыктар менен таныштырды. 

 

 

Даярдаган РК профсоюздун төрагасы:

С.Жаркымбаев