Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Красная Гвозьдика” эс-алуу борборунда Республикалык семинар болуп өттү

2019-жылдын  9-14чү июль күндөрү Борбордук комитеттин иш планына ылайык Ыссык-Көл облусунун Тоң районунда жайгашкан “Красная Гвозьдика” эс-алуу борборунда Республикалык семинар болуп өттү. Семинардын катышуучулары болуп Жалал-Абад облусунун баардык райшааркомдорунун төрагалары, Жалал-Абад “Жаштар Кенешинин” төрага, төрөайымдары, укук жана эмгек инспекторлору катышышты. Семинарды обкомдун төрагасы Исмаилов А.А. ачып сөз сүйлөп ачык деп жарыялады. Күн тартибинде каралган маселелер боюнча айтсак,

“Жаштар Кеңешинин”аткарган иш чараларынын отчету “ЖашКең”төрагасы Сулайманов З.; Укук жана эмгек тууралуу усулдук материалдар - обком инспектору Айдаров А. Ноокен районунун иш тажрыйбасы  суроолор жана жооптор каралды, угулду.

 Семинар менен бирге эс-алуу, келген делегаттарга пайдалуу жана өз убагында керектүү болду деп эсептейм. Бул иш чарага КР Борбордук профсоюз комитетинин төрагасы Токтогулов А.Т. дагы келип өзүн тааныштырып жакшы каало тилектерин айтып өттү.

Аталган иш-чаралардын ийгиликтүү өтүшү боюнча уюштуруу штабдын башчысы Бегматов А.Т. жана Айдаров А.Ч.га ыраазычылык билдиребиз.

 

Метериалды даярдаган:

Токтогул профсоюз комитетинин укук жана эмгек инспектору;      

Дуйшоналиев С.