Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

КР Билим берүү жана илим министри Таласта

2021-жылдын 18-сентябрында КР Билим берүү жана илим министири Б.Купешев Талас областында болуп Талас районунун, шаарынын мектептеринин, бала бакчаларынын жетекчилери менен жолугушту. Жолугушууда жаңы окуу жылдын ачылышы менен куттуктап, астыбызда турган милдеттер, максаттар жөнүндө айтып берди.

Бул жолугушууда кесиптик бирликтин Талас райшаардык комитетинин төрайымы Ф.Батырбаева сөз сүйлөдү. Анын сөзүндө пандемия учурунда, мугалимдер медиктерден калышпай баатырларча эмгектенишип онлайн сабактарды жакшы денгээлде өткөрүштү, бирок бүгүнкү күнү мугалимдердин аткарган эмгектери баса белгиленбей, жалаң гана  медиктерди баалап жаткандай көрүнүш болуп турат. Себеби биздин областта мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүлгөн мугалимдерибиздин документтери өз убагында жиберилет, бирок  алар каралбай, сыйлыктар берилбей келет. Аны менен бирге билим сапаты боюнча, анын ичинен предметтик олмипиаданын жеңүүчүлөрүнүн көрсөткүчтөрү боюнча Талас областы  Бишкек шаарынан кийин эле 2-орунда турат. Жыл сайын республикалык олимпиададан  байгелүү орундарды камсыз кылган мыкты, чыгармачыл мугалимдерибиздин болгондугуна карабай, алар көмүскөдө калып жатышат.

Азыркы учурда ушул сыяктуу көйгөйлөрдү чечүүгө үндөп, билим сапатын жогорулатып, биргелешип иш жүргүзүүнү айтып, жаңы окуу жылы менен мугалимдерди, окуучуларды куттуктап сөзүнүн аягына чыкты.