Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Көп жылдардан бери өрөөндөн согушка кетип кайра келбей калган жердештеринин тарыхын изилдеп келген Токтоев Абдымалик

Май айындагы эӊ улуу майрам бул 9-май жеӊиш майрамы. Мектептерде согуштун ардагерлери менен жолугушуулары өттү. Мына ошондой иш чаралардын бири Сузак районундагы Кара Булак орто мектебинде да болуп өттү. Мектептин профкому Токтоев Абдималик көп жылдардан бери өрөөндөн согушка кетип кайра келбей калган жердештеринин тарыхын изилдеп келген. Коомчулуктун жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен Улуу Ата Мекендик согушка катышкан баатырлар үчүн эстелик тургузулду. Бул салтанаттуу иш чарага областык райондук жетекчилер катышып мектептин профкому жасаган ишке ыраазычылыгын билдиришти. Бул иш чарага Сузак райкомунун төрагасы да катышып куттуктоо сөз сүйлөп Токтоев Абдималике Диплом жана Мамакеев санаториясына жеӊилдетилген жолдомо берди. Иш чара ЖТР телеканалынан чагылдырылды.