Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Көп тилдүү билим берүү долбоорунун алкагында уулуттардын ортосундагы ынтымакты бекемдөө максатында фестиваль өткөрүлдү

       Кадамжай районуна караштуу Айдаркен  шаарында эне тилин даназалаган фестиваль болуп өттү. Фестиваль 21-февраль күнү Эл аралык эне тил күнүнө карата Айдаркен шаарындагы О.Маканов атындагы орто мектебинин базасында, КТББ (көп тилдүү билим берүү) долбоорунун алкагында уулуттардын ортосундагы ынтымакты  бекемдөө максатында фестиваль өткөрүлдү.                                    

      Иш чарада бир нече элдердин адабиятын жана  маданиятын чагылдырган кыргыз, орус, өзбек, түрк, тажик, татар тилдеринде ырлар корком окулуп, улуттук  бийлер аткарылды. Андан сырткары улуттук тамак-аштарды, кол өнөрчүлүктү көргөзүү  менен окуучулар арасында көргөзмө уюштурулду.  Мектеп мүдүрү КТББ (көп тилдүү билим берүү) долбоору боюнча бир нече  иш чараларды уюштуруп келүүдө.  Окуучулар тарабынан уюштурулган концерттик программада улуттардын саламдашуусу менен бийлери өзгөчө колдоого татып фестиваль көрүүчүлөрдүн купулуна толду.