Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Коопсуздук кымбат турат, бирок ал ошого тете

Билим берүү кызматкерлернин  профсоюзунун Жалал-Абад шаардык комитети тарабынан эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук жаатында окуу семинарларын өткөрүү практикаланып келүүдө.

2013-жылдын 14-майында Р.Азимов атындагы орто мектепде шаардагы мектептердин баштапкы профсоюз  уюмдарынын жетекчилери жана профактивдери  үчүн  « Коопсуздук кымбат турат, бирок ал ошого тете»  аттуу темада кезектеги семинар болуп өттү. Семинардын катышуучулары эмгекти уюштуруу жана анын корголушун камсыз кылуу, техникалык коопсуздукту  сактоо, эмгекти коргоо боюнча макулдашууну даярдоо , өзгөчө шарттарда иштеген кызматкерлерге кошумча эмгек акыларды төлөө жөнүндө жана санитардык гигиеналык ченемдер боюнча түшүндүрмөлөр берилип, талкуулар жүргүзүлдү. Ошондой эле өрт коопсуздугу, анын алдын алуунун чаралары, өрткө каршы күрөшүү боюнча да тиешелүү көрсөтмөлөр берилди. 

 

 

 

Профсоюздун Жалал-Абад

шаардык комитетинин төрайымы:               З.Тургунбаева