Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Конкурс жыйынтыкталды

Мамлекеттик, партиялык саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын  Баатыры Усубалиев Турдакун Усубалиевичтин 100 жылдыгына карата Кочкор районундагы мектептерде эмгектенген мугалимдердин арасында улуу инсандын ѳмүр таржымалынан алынган кыска сценкаларды коюу боюнча конкурстун финалдык туру жыйынтыкталды.

Финалдык тур райондук маданият үйүндѳ ѳткѳрүлүп,  Оро-Башы орто мектеби Т.Усубалиевдин тѳрѳлүшү жана балалык курагын,  Т.Курткаев атындагы орто мектеби студенттик кези жана сүйүүсүн, Н.Жүндубаева атындагы мектеп-гимназия Нарын эли үчүн жасаган эмгеги, Соң-Кѳл маселеси, К.Темиров атындагы орто мектеби мамлекеттик маанилүү чечимдери, курулуштар, Ак-Жар орто мектеби кызматтан кеткенден кийинки ѳмүрүн чагылдырып, сахналаштырып кѳрсѳтүштү.

Жыйынтыгында Ак-Жар орто мектеби биринчи, Н.Жүндүбаева атындагы орто мектеби экинчи, Оро-Башы орто мектеби үчүнчү, К.Темиров атындагы орто мектеби тѳртүнчү, Т.Курткаев атындагы орто мектеби бешинчи орундарга ээ болушту.

Биринчи, экинчи орундарга ээ болгон мектептердин мугалимдери Алма-Ата шаарына саякат, үчүнчү, тѳртүнчү орунга Ысык-Кѳлгѳ эс алууга путевка, ал эми бешинчи орунга 5000 сом  акчалай сыйлык демѳѳрчүлѳр тарабынан тапшырылды.

Эң мыкты актердук чеберчиликти кѳрсѳткѳн Кызыл-Дѳбѳ орто мектебинин музыка мугалими Орозалиев Урмат «Мыкты актер» наамына ээ болсо,  Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Алиева Үмүт  «Мыкты актриса» наамына ээ болушуп, Алма-Ата шаарына саякатка барууга жолдомо алышты.

 

 Астра Асаналиева

Кочкор райондук билим берүү бѳлүмүнүн

Окуу-методикалык кабинетинин башчысы