Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Конференция – жогорку деӊгээлде өттү

2014-жылдын  21-ноябрь  күнү   Өзгөн  райондук  билим  берүү  кызматкерлеринин  профсоюзунун  XXVII отчеттук   кайра-шайлоо   Конференциясы  болуп өттү.  Конференция   райондук  профсоюз  комитетинин   төрагасы И.Мырзамидиновдун  2010-2014-жылдар   аралыгында  алып  барган иштери  боюнча  отчетун  укту. Райондук  профсоюз  комитети  тарабынан мугалимдердин социалдык,  экономикалык  кызыкчылыктарын  жана  эмгекти  коргоо  багытында  алып  барылган  иштери  жөнүндө баяндамада кеӊири  айтылды.

   Сөзгө  чыккан  делегаттар  отчет  аралыгында жүргүзүлгөн  алгылыктуу  иштерди  белгилеп, «канааттандырарлык» деген  баа беришти.  Конференциянын        делегаттары  Өзгөн  райондук  билим  берүү  кызматкерлеринин   профсоюз   комитетинин  төрагалыгына  Мырзамидинов

Ибраимберди  Шамшиевичти  бир  добуштан  шайлады.

     Конференциянын ишине  Өзгөн  райондук  билим  берүү бөлүмүнүн  башчысы  И.Дуйшеев   жана   Ош  областтык  Билим, илим  кызматкерлеринин  профсоюз  комитетинин  төрагасы  С.  Тойгонбаев   катышты   жана  маанилүү  сөз  сүйлөп  шайланган   төраганын  ишине  ийгиликтерди   каалады.

     Ошондой   эле  Конференциянын   катышуучулары  мугалимдердин  эмгек  маянасын  көтөрүү боюнча    Жогорку  Кеӊешке  кайрылуу   жолдошту.

 

 

 

 

 

                           Өзгөн  району.