Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Конференция ɵткɵрүлдү

   2018-жылдын 20-апрелинде билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Кɵмүр шаардык VI отчеттук-шайлоо конференциясы ɵткɵрүлдү.

   Анда шааркомдун тɵрагасы Г.Эргешова 2013-2017-жылдардарга жүргүзүлгɵн иштер жɵнүндɵ отчеттук доклад жасады. Шааркомдун отчеттук мезгилде жүргүзгɵн иштери делегаттар тарабынан «канааттандырарлык» деп табылды.  Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Кɵмүр шааркомунун курамы бекитилди.

   Уюштуруу маселеси каралып, делегаттар тарабынан  тɵрагалык кызматка №7 орто мектептин мугалими М.Утурбаеванын, №3 орто мектептин мугалими Э.Эгизалиеванын, шааркомдун тɵрайымы Г.Эргешованын кандидатуралары сунушталды.  Г.Эргешова ɵзүнүн талапкерлигин алып койду.

   Ачык шайлоо ɵткɵрүлүп,  23 добушка ээ болгон Эгизалиева Элмира Жаркынбековна (альтернативалуу негизде) профсоюздун Таш-Кɵмүр шаардык комитетинин тɵрайымы болуп шайланды.

   Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин Борбордук Комитетинин тɵрагасы, педагогика илимдеринин  кандидаты,  профессор А.Токтогулов, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад  обкомунун тɵрагасы А.Исмаилов,  Профсоюздардын Жалал-Абад областтык Кеӊешинин тɵрагасы З.Жусмаматов, Таш-Кɵмүр шаарынын мэри Асаналиев Рахман Алпаязович, Таш-Кɵмүр шаардык билим берүү бɵлүмүнүн башчысы Т.Шабдановдор катышышты.

    Конференцияда БКнын тɵрагасы А.Токтогулов кеӊири программада сɵз сүйлɵп, учурда республикада тармактык профсоюз тарабынан жүргүзүлүп жаткан ар тараптуу иштер жɵнүндɵ маалымат берип, кезекте аткарылуучу орчундуу милдеттерди белгиледи.

       Андан тышкары делегаттар тарабынан берилген кɵптɵгɵн суроолорго жооп берди.

       Конференциянын иши ийгиликтүү аяктады.

Обкомдун уюштуруу бɵлүмү