Центральный комитет профсоюза работников образования и науки Кыргызской Республики

Центральный комитет профсоюза

работников образования и науки Кыргызской Республики

Профсоюз в регионах

Компьютерлер тапшырылды.

Компьютерлер тапшырылды.

 

2020-жылдын 20-июнь күнү Билим илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитетинин төрагасы С. Тойгонбаев Өзгөн райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүндө иш-сапарда болду. Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитетинин төрагасы

С. Тойгонбаев райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары А.Бакышев, Н.Шамаматов, башкы эсепчилери А.Эргешова, Р.Аширбаевалар менен жолугуп кызматкерлердин эмгек акыларынын, эмгек өргүүлөрүнүн төлөнүшү боюнча пикир алышты.

Кыргыз Республикасынын билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитети тарабынан райондук билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган эсепканасына 2 даана компьютер, 1 даана принтер, шаардык билим берүү бөлүмүнүн борборлоштурулган эсепканасына 1 даана компьютер, 1 даана принтер тапшырды. Ошондой эле алдыёкы эсепчилерди Билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитетинин Ардак грамотасы жана кол сааты менен сыйлады.

Райондук жана шардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары А.Бакышев, Н.Шамаматов жана башкы эсепчилер Кыргыз Республикасынын билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетине жана билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитетине өздөрүнүн ыраазычылыктарын билдиришти.