Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Колдоо – ийгиликтин ачкычы

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университети аймактардагы мектептер менен болгон алаканы чыңдоо жана колдоо  максатында мектептер менен тыгыз иш алып барууда. Алсак: 09- октябрь күнү Чүй районуна караштуу Алчалуу айылындагы  Ысмайыл Борончиев атындагы орто мектепке барып келишти. Мектепте жакшы саамалык уюштурулду.  Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги, СССРдин эл агартуусунун отличниги Дүйшеналиева Райхан Абдиловнанын көп жылдык мугалимдик кесипти аркалагандыгын баалап, эмгегин даңктоо максатында атайын кыргыз тили жана адабияты боюнча методикалык кабинет ачып эженин атын ыйгарышты. Эже дайыма жаш мугалимдерге ар тараптуу колдоо көрсөтүп, жаштарга акыл насаатын айтып, жол көрсөтүп келээри  кесиптештеринин сөздөрүндө маалым болду.

К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин колдоосунда мектептин китепканасына азыркы учурда окуучулардын кызыгуусун жараткан адабий китептер белекке берилди. Мугалимдердин ачык сабактарына катышып, мектептин бүтүрүүчүлөрүнө жолугууга шарт түзүлдү.

 

Материалды даярдаган:

Сатиев Азамат